Астанада кытай жибек өнөрүнө арналган жүзгө чукул
уникалдуу экспонат коомчулукка көрсөтүлдү.
Экспозиция келген конокторду Асман астындагы өлкөнүн — байыркы кол өнөрчүлүк
салтынан тарта заманбап көркөм багыттарына чейинки бай маданий мурасы менен
тааныштырат. Көргөзмөдө эң сонун жибек кездемелер, кооз саймалар,
жасалган улуттук кийимдер гана эмес, ошондой эле декоративдик-колдонмо искусство
буюмдары менен сейрек кездешүүчү археологиялык экспонаттар да көрсөтүлөт. Мындай
ар түрдүүлүктүн жардамы менен көрүүчүлөр жибек өндүрүшүнүн тарыхына жана Улуу
Жибек жолундагы көп кылымдык маданий алмашууга көз сала алышат. Долбоор Казакстан
менен Кытайдын музейлеринин беш жылдык кызматташтыгынын алкагында ишке
ашырылып, эки өлкө ортосундагы маданий диалогду бекемдөөгө багытталган.
Берик Абдыгали уулу,
Улуттук музейдин
мүдүрү:
– Бул
көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – келген
коноктор жибек кантип өндүрүлөрүн жана анын бүгүнкү күнгө
чейин кандайча өнүккөндүгүн толук биле алышат. Мындан тышкары, жибектин өзү
менен катар, биз Улуу Жибек Жолунун башка аймактарынан, анын ичинде Турфан
шаарынан да кызыктуу экспонаттарды сунуштайбыз. Бул дагы Улуу Жибек Жолун
жайылтууга жана анын тарыхын изилдөөгө багытталган биргелешкен долбоорубуз
болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

