Шымкентте коллекционер турак жай короосун улуттук стилде кооздоду

Шымкентте коллекционер турак жай короосун улуттук стилде кооздоду

Казак айылы. Шымкенттин короолорунун бирин жашоочулар ушинтип аташкан. Бул жерде үйдүн, короонун, жада калса гараждын дубалдары улуттук стилдеги казак килемдердин сүрөтү менен кооздолгон. Анда адатта туш кийизге улуттук оймо-чиймелер чагылдырылган. Казак элинин салты боюнча бул туш кийиздер кыздын себинде болгон. Туш кийиз колуктуну көз тийүүдөн жана жаман нерселерден коргойт деген ишеним бар. Идеянын автору-сүрөтчү этнограф Дана Бектаева. Өз короосун Улуттук өнөрдүн галареясына айландыруу-көптөн бери келе жаткан кыял. Бүгүнкү ийгилик маданиятка болгону сүйүүнүн натыйжасы. 

Дана Бектаева, этнограф: 

- Ар бир казак үчүн маанилүү. Бул биздин келечек муундарга керек. Алар эртең дүйнө, айлана-чөйрө, жашоо тууралуу кандай түшүнүк болгонун билип,элестете алышы керек. Бул өнөрдү көрүү үчүн Казакстандын башка шаарларынан ар кандай адамдар келишет. Кызыгы, көпчүлүгү Шымкенттин жергиликтүү тургундары эмес. 

Дана Бектаева кылкалем чебери гана эмес, буга кошумча күчтүү коллекционер. Казак турмуш-тиричилигине керектүү сандык, идиш-аяк, миңге жакын кийим-кече түрүн жыйнаган. Этнограф эми көргөзмө менен Казакстанды кыдырып, келечекте ачык асман алдында музей уюштурууну пландап жатат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков