Казакстандык окумуштуулар ири илимий жыйнактын үстүндө иштеп жатышат. Ал Кожо Ахмед Ясауинин руханий жана философиялык мурасына, анын түрк элдеринин каада-салттарына жана руханий маданияттарынын өнүгүшүнө тийгизген таасирине арналган. Изилдөөгө 30дан ашык адис – дин таануучулар жана тарыхчылар тартылды. Кожо Ахмед Ясауинин эмгектери, өмүр жолу, устаттары, шакирттери жөнүндө архивдик материалдарды жана кол жазмаларды чогултуудан тышкары, серепчилер аларды которуу жана илимий талдоо менен алектенишет. Евразия улуттук университетинин дин таануу кафедрасынын доценти Нурлан Каирбеков кесиптештери менен бирге мурда изилденбеген эмгектерди активдүү издөө жана көрүнүктүү ойчулдун алынган трактаттарын чечмелөө менен алектенүүдө. Анын айтымында, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ири илимий жыйнактын жарыкка чыгышы Ясауинин көп кырдуу мурасын дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Нурлан Каирбеков, Евразия улуттук университетинин дин таануу кафедрасынын доценти:
– Бул мурасты изилдеп жатып, биз Казакстандын аймагынан тышкары, чет өлкөлөрдө бир нече иштерди жүргүздүк. Өзбекстанда болдук, Ташкент, Бухара, Самарканд шаарларында. Ошондой эле Түркияда да болуп, ал жакта Анкара менен Стамбулда да болуп, китепканалардан керектүү материалдарды таптык. Кожо Ахмед Ясауинин окуусунун мурасынын географиясы абдан кеңири жана бардык түрк элдерин камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

