Астанада
Silk Way Star Азия вокалдык шоусунун
тартуу иштери башталды. Азыр биринчи эпизоддун үстүндө иш жүрүп жатат.
Артисттер дебюттук номерлерин тартуулашууда. Музыкалык долбоордун үстүндө
жүздөн ашык адамдан турган тартуучу топ иштеп жатат - булар жарык жана үн,
видеографика жана LED-экрандарды
башкаруу боюнча адистер. Жалпысынан көрүүчүлөрдү он эпизод күтөт. Премьерасы
аяк оона айынын 20да болот, ал эми финалдык гранд-шоу жетинин айынын 22де
биздин телеканалдын жана катышуучу өлкөлөрдүн алдыңкы каналдарынын түз эфиринде
өтөт. Silk Way Starды Евразиянын жаңы
маданий бренди деп аташууда, ал катышуучуларды гана эмес, дүйнө жүзү боюнча
миллиондогон көрүүчүлөрдү бириктирүүгө жөндөмдүү.
Сандугаш Рахимжанова, SILK WAY STAR креативдүү
мүдүрү:
- Тартуу
сменасы – сегиз саат, бирок ага кошумча бизде саундчектерге убакыт бар, бизде
сөзсүз түрдө коюлган генералдык репетициялар болот, биз жаздырууга максималдуу
таза чыга алышыбыз керек, анткени экинчи мүмкүнчүлүк жок: артисттерде да,
биздин командада да. Ага жараша биз буга абдан кылдат мамиле кылабыз жана баары
ойдогудай өтүшү үчүн толук даяр болушубуз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

