Казакстан менен Кытайдын өз ара аракети жаңы сапаттык деңгээлге чыгууда. Атап айтканда, маданий жана маалымат алмашуу жаатында. Бул багыттардагы эки тараптуу мамилелердин жаңы барагынын пайда болгондугун — Кытайда казактардын, республикадагы кытайлардын маданий борборлорунун ачылышы далилдеп турат. Бул тууралуу тиешелүү министрликтин башчысы ШКУнун саммитинин алкагында телеканалга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Аида Балаева белгилегендей, өлкөлөр кеңири чөйрөдө биргелешип иштөөгө ниеттенүүдө. Маселен, фейк жана жалган маалыматтардын таркашына каршы күрөштү күчөтүп, адабият, концерттик деталдар, көркөм сүрөт өнөрү жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгууга басым жасоо. Министрдин айтымында, Бээжиндеги казак маданий борбору жакында эле расмий түрдө эшигин ачты.
Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:
– Биздин жайгаша турган кеңсебиз бар. Ал Бээжинде, Арбаттын аймагында жайгашкан. Бул эң көп туристтик жер. Менин оюмча, биздин маданий борборубуздун ишмердүүлүгү Казакстандын маданиятын жана искусствосун, Казакстандын тарыхын кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет деп ойлойм жана биз бардык багыттар боюнча дагы да тыгыз иштеше алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков