Кытай казактын улуттук өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарат

Кытай казактын улуттук өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарат

Кытайлык инвесторлор Казакстандын улуттук өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууну көздөп жатышат. Маселен, Түркестанда жайгашкан бул бир завод эки тараптын биргелешкен демилгеси. Долбоордун баасы 7 млрд теңге. Борбор Азияда теңдеши жок ишкана төөнүн сүтүн кайра иштетүү жолу менен кургак сүт өндүрөт. Ал эми толук күчүнө кирсе, бул чийки заттын 100 тоннасын кабыл алууга жөндөмдүү. Учурда даяр өнүм Кытайга экспорттолууда. Келечекте Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө сатуу мерчемделип жатат. Ири кайра иштетүү комплекси эң акыркы заманбап жабдуулар менен толук жабдылган.

Хы Жы Чиян, өндүрүштүк цех башчысы:

-Аймактагы төө чарбаларынан алынган сүт алгач ушул кайра иштетүүчү цехке жеткирилет. Бул жерде курамы жана майлуулугу текшерилип, чыпкаланат. Ал атайын аппарат менен тазаланып, зыянсыздандырылат. Соңунда таза сүттү кийинки өндүрүш цехине жөнөтүп, кургак сүт кылып чыгарууга даярдайбыз. Баары санариптик технология менен башкарылат. Сүт кайра иштетилип жаткан ишканага атайын кийимчен технологдордон башкасы сырттан келгендер кире албайт. Даяр өнүмдүн сапаты дүйнөлүк стандартка жооп бере тургандай катуу талаптар коюлган.

Ошондой эле, ата мекендик ишканалар Кытай базарына кургак бээ сүтүн жеткире алат. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул товарга тиешелүү бирдиктүү кытай стандарты болбогондуктан экспорттоого мүмкүн болгон жок. Ошондуктан Казакстан өзүнүн расмий сунушунун аркасында КЭРна талаптарды коюп, бекитти. Өз кезегинде алар келерки жылдан тарта ишке ашат. Белгилей кетсек, бул стандарттарды кабыл алуу казакстандык ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө жардам берет. Казакстан бул уникалдуу өнүмдү ички рынокто гана эмес, тышкы рынокто да сатууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков