Казакстан менен Европа биримдиги кызматташтыкты кеңейтет

Казакстан менен Европа биримдиги кызматташтыкты кеңейтет

Алматыда тараптар Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитти. Бул туруктуу чийки заттар, аккумуляторлор жана кайра жаралуучу суутек нарк чынжырлары жаатындагы долбоорлор. Бул документке премьер-министр Алихан Смаилов менен Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен өткөн жылы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP-27 конференциясында кол коюшкан. Тараптар ошондой эле «Казакстан Республикасы менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын инструменти» каржылык келишимге кол коюшту. Бул республикада 9 миллион евро өлчөмүндөгү долбоорлорду ишке ашырууну билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков