Казакстан уранына суроо-талап артты

Казакстан уранына суроо-талап артты

Казак уранына суроо-талап өсүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк уран жеткирүүнүн дээрлик жарымы республиканын үлүшүнө туура келет. Казакстан дүйнө жүзү боюнча концентраттын 43% жеткирүүсүн камтыйт. Ошентип, өлкө  дүйнөлүк деңгээлде электр энергиясын көмүртек калдыктарысыз өндүрүү ишинде чечүүчү роль аткарат. Казакстан концентратына Бириккен Араб Эмираттары кызыгуучулук артууда. Ага ылайык, тараптар ортосунда биринчи жолу келишим түзүлүп, алардын атом электр станциясы Казакстандын өзөктүк отунун керектей турганы макулдашылды. Муну менен катар, Чыгыш Европага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, Орусия өзөктүк отундан баш тартуу маселесин карап жатат. Ошентип, 2025-жылдан тарта Казакстан менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы уранды Кытай портторунун бири аркылуу жөнөтө турган үчүнчү экспорттук багытты ачуу мерчемделген. Ал эми учурда өлкөнүн ураны Орусия менен Каспий жана Кара деңиз аркылуу экспорттолот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков