2024 - жылы Казакстан менен Беларустун
ортосундагы товар жүгүртүү 900 млн долларга жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылдын
ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га көбөйүп, 200 млн долларга жакындады.
Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов Дүйшөмбүдө Беларустун
премьер-министри Александр Турчин менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык
кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу Тажикстанда КМШга
мүчө өлкөлөрдүн өкмөт
башчыларынын кеңешмесинин
алкагында өттү. Жогорку
деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну координациялоо зарылдыгы
баса белгиленди. КМШ алкагында туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана
эки өлкөнүн калкынын бакубаттуулугун жакшыртуу боюнча биргелешкен демилгелер
талкууланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

