Казакстанда быйыл кайра жанма энергия булактарынын жаңы
кубаттуулуктары кошулат. Бул дараметтүү долбоорлор 9 объектти камтыйт. Алардын
бешөө шамалдын жардамы менен энергия өндүрөт. Ошондой эле кош гидро жана күн электр
станциялары бар. Жалпы кубаттуулугу 455,5 МВт болгон объектилердин инвестиция
көлөмү 360 млн долларды түзөт. Тармак адистеринин айтымында, бул өлкөдөгү «жашыл»
энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп
чыгууларын азайтууга мүмкүндүк берет. 2024-жылы Казакстан жалпы кубаттуулугу
163 МВтты түзгөн 8 жаңы долбоорду ишке киргизди.
Жаслан Касенов, Энергетика министрлиги департаментинин
мүдүрү:
- Өткөн жылы 163 МВт жаңы энергия булагы пайдаланууга
берилген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча болжол менен 450 МВт кайра жанма энергия
кубаттуулугун ишке киргизүү көздөлүүдө. Өткөн жылы Казакстандын аймагында жалпы
кубаттуулугу 1,8 ГВт болгон ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча Кытай менен
өкмөттөр аралык келишимге кол койгонбуз. Ошондой эле Жамбыл облусунда ири шамал
станциясын куруу боюнча Араб компаниялары менен инвестициялык келишим түзүлдү.
Казакстан кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү темпи
боюнча Борбор Азияда алдыда. Планга ылайык, 2025-жылга чейин анын үлүшүн 6% га
жеткирүү пландалууда. Бирок, бул көрсөткүч чектен ашып, дээрлик 7%га жакындады.
Серепчилер мындай темп менен өлкөнүн 2030-жылга чейин болжолдонгон 15% жана
2050-жылга карата 50% деңгээлинен толук ашууга жетет деп эсептейт. Белгилей
кетсек, тармактык министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада
альтернативдүү энергетиканын 153 объектиси иштеп жатат. Алардын 62си шамал,
46сы күн, 4ү суу жана 3ү биогаз станциялары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

