Казакстандын Куралдуу
күчтөрү – эгемен өлкөнүн кызыкчылыктарынын ишенимдүү
калканы, тынчтыктын жана туруктуулуктун кебелбес тиреги. Бул тууралуу
Касым-Жомарт Токаев Астанада Улуттук гвардиянын авиациялык базасынын ачылыш
аземинде билдирди. Президент - Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Башкы колбашчысы
иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан Ата Мекенди коргоочулар күнү менен
куттуктады. Бул майрам мекенчилдикти ойготуп, күжүрмөн духту
арттырарын баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Авиабазанын ачылышы Улуттук
гвардия үчүн эле эмес, бүтүндөй армиябыз үчүн маанилүү окуя. Авиабаза күч
түзүмдөрүнүн дараметин бир
топ жогорулатып, ыкчам авиациялык учууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мамлекет
Куралдуу күчтөрдү
жабдууга, аскердик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Касым-Жомарт
Токаев казак аскер кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн баса белгиледи. Алар БУУнун
алдында ар кандай эл аралык миссияларга ийгиликтүү
катышып келет. Быйыл алар биринчи жолу Голан
дөңсөөлөрүндө тапшырмаларды өз
алдынча аткара баштады. Аскер
кызматкерлери мурда болуп көрбөгөндөй суу ташкынында – табигый апааттын кесепети менен күрөштө да, Казакстан элине жардам көрсөтүүдө
да антына берилгендиктин жаркын үлгүсүн көрсөттү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Аскердик
учкучтарыбыздын кесипкөйлүгүн жана жогорку классын өзгөчө белгилегим келет.
Алар гуманитардык жүктөрдү жабыркаган аймактарга өз убагында жеткирип,
жарандарды коопсуз жайларга көчүрүүнү камсыздай алышты. Кыйын мезгилде эл менен
бирге болгон бардык аскер кызматкерлерине чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Ошондой эле,
Мамлекет башчысына жаңы авиациянын, аскердик жана атайын техниканын
үлгүлөрү көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев авиабазадагы бир катар
инфраструктуралык объекттерди текшерди.
Тиешелүү күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу үчүн бул жерде бардык шарттар түзүлгөн. Ал эми анын Астана аэропортунун жанында жайгашуусу –– өздүк курамды жана
техниканы өз убагында жеткирүүгө, ошондой эле, Улуттук гвардиянын бөлүмдөрүнө
абадан чалгындоо жана жабыркагандарды эвакуациялоого абадан колдоо көрсөтүүгө
мүмкүндүк берет.