Астанада Борбор Азиянын жаш логисттеринин форуму өттү

Астанада Борбор Азиянын жаш логисттеринин форуму өттү

Астанада жашыл логистикага жана тармакты санариптештирүүгө арналган студенттик долбоорлордун сынагы өттү. Ага казакстандык ЖОЖдордун, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн студенттери катышты. Демилге инновациялык чечимдерди колдоого жана аймактын транспорттук-логистикалык тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Жеңишти Maqsut Narikbayev University командасы жеңип алды. Мыкты үчтүккө Казак-Герман университети жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кирди.

Бегимай Мамаева, Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин мугалими:

– Кыргызстанда логистика тармагы активдүү өнүгүүдө. Ошондуктан адистерди даярдоо үчүн факультеттер ачылып жатат. Мисалы, биздин окуу жайда логистика боюнча өзүнчө факультет ачылды. Биз бул жакка гидро дөңгөлөктү алып келдик. Бул логистика тармагындагы жашыл технологияларды өнүктүрүүдө керектүү курал.

Сынак Жаш логисттер форумунун алкагында өттү. Бул иш-чара борбордо үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүп жатат. Быйыл ага Казакстандан жана аймактын өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун студент жана тармактын адистери катышты. Стартап-долбоорлордун бет ачарынан тышкары, логистика тармагындагы алдыңкы серепчилердин катышуусунда панелдик сессиялар уюштурулду.

Нурлан Игембаев, Казакстандагы логистика жана транспорт королдук институтунун президенти:

– Институт бул жерде аймактагы жаңы стандарттарды иштеп чыгып, алардын негизинде окутууну камсыздап, академиялык билим берүү программаларына киргизип интеграциялоодо. Ошентип, биздин адистер дүйнөлүк аренада суроо-талапка ээ болууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков