Казакстан транзиттик-транспорттук потенциалын өнүктүрүп жатат

Казакстан транзиттик-транспорттук потенциалын өнүктүрүп жатат

Премьер-министр Олжас Бектенов транспорт тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынга Мамлекет башчысынын улуттук жүк ташуучу авиакомпанияны өнүктүрүү, деңиз жана темир жол ташууларын көбөйтүү боюнча тапшырмаларын аткаруу маселелери талкууланды. Мисалы, өлкөдө аба кемелерин этабы менен чыгаруу, атаандаштыкка жөндөмдүү баада авиакеросин менен камсыз кылуу, операциялык кызматты тез арада ишке киргизүү талкууланды. Ошондой эле коштоочу инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде аэропорттун кубаттуулугун, жүк терминалдарын, кампа логистикасына көңүл бурулду. Бул транзиттик жүк хабы катары Кытай – Казакстан – Батыш Европа багыты боюнча ыңгайлуу шарт түзүүнүн аракети. Мындан тышкары, Борбордук Азия аймагынан Кавказга жана Батыш Европа өлкөлөрүнө ташуу көлөмүн көбөйтүү үчүн «Актау» жана «Курык» деңиз портторун жүктөө чаралары талкууланды. Ал эми темир жол тармагы боюнча өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тарифтик саясатты жакшыртуу үчүн инфраструктураны андан ары жаңылоо жана казакстандык темир жол тармагын өнүктүрүү пландары айтылды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр бир катар тапшырма берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков