Астанада
Казакстандагы Кытай туризм жылынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Анын
көшөгөсү тематикалык көргөзмө жана туристтик форум менен ачылды. Жыйында эки
өлкөнүн ортосунда жыл аягына чейин төрт жаңы аба каттамы ачыла турганы белгилүү
болду. Анткени, Кытай өлкөсүнөн Казакстанга кызыккысы келген саякатчылардын
саны кескин өсүүдө. Акыркы 5 жылда кытайлык туристтердин агымы 9 эсеге өстү.
Өткөн жылы эле алардын саны 655 миңге жеткен. Быйыл өлкөгө кадам баскан кытай
жарандарынын саны калың болот деп күтүлүүдө.
Нурбол Байжанов, Туризм жана спорт министрлигинин
индустрия жана туризм комитети башкармасынын жетекчиси:
- Өлкөнүн шаарларында ар кандай темаларды камтыган туризм
жумалыгы уюштурулат. Биздин өлкөлөрдүн туристтик компанияларынын ортосунда
жолугушуулар өтөт. Бүгүнкү күндө болжол менен 50 каттам ишке ашырылат. Жылдын
аягына чейин Ченду-Алматы, Шанхай-Алматы, Шанхай-Шымкент жана Сиянь-Шымкент
ортосундагы жаңы авиакаттамдар ачылат.
Казакстандагы Кытай туризм жылынын алкагында Welcome
Chinese программасы ишке кирет. Ал
атамекендик туристтик жана башка кызматтык компаниялар Кытайдын конокторуна
меймандостук көрсөтүүсү үчүн шарттарды түзөт. Билим жана тажрыйба алмашуу үчүн
эки өлкөнүн тармактык университеттеринин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү
күчөтүү көздөлүүдө. Буга кошумча туризмди, спортту жана маданиятты бириктирген
уникалдуу чек ара марафонун өткөрүү мерчемделип жатат.
Алишер Турсын, «KAZAKH TOURISM» УК долбоолорду коштоо
департаментинин мүдүрү:
- 5 миллиард доллардан ашык инвестициялык портфели бар ири
компания менен жолугушуу болду. Бул чындыгында олуттуу каржы. Азыркы учурда биз
туристтик багыт боюнча биздин дараметтүү өнөктөштөрдү кызыктырган ар кандай
долбоорлорду сунуштайбыз. Бул биринчи кезекте атамекендик туризмди өнүктүрүү
үчүн зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

