Касым-Жомарт Токаев Казакстандын жаңы дайындалган Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Нуровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы бул багыттагы иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди. Алардын баары бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды аныктоого жана жоюуга, ошондой эле, ата мекендик ишкердикти өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков