Коронавирус Кытайга кайтып келди. Акыркы сутка ичинде өлкөдө инфекциянын кескин көбөйгөнү байкалды. Ал жакта илдеттин 2 миңге жакын жаңы учуру аныкталды. Мындан улам бир катар аймактарга карантин киргизилди. Ошентип, он жети миллион калкы бар Шэньчжэнде бир жумалык обочолонуу жарыяланды. Жалган куран айынын 14нөн тарта жарандарга шаардан чыгууга тыюу салынып, тургундар үч этаптуу тесттен өтүшү керек болот. Турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу мекемелерден башка уюмдардын бардыгы ишин токтотуп, кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөрдү. Шанхайда да жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар каттамдан алынды. Ал эми омикрон штаммы кеңири жайылган Цзилинь шаарында он миң орундук кошумча ооруканалар курулуп жатат. Буга чейин толук обочолонуу режими Чанчунда киргизилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков