Казакстанда үй-бүлөнүн санарип картасы түзүлөт. Башкача айтканда, социалдык колдоо мындан ары санариптик маалымат системасы менен аныкталат. Үй-бүлөлөрдүн жеке даректери мамлекеттик органдардын учурдагы маалыматтык системаларынын маалыматтары менен бириктирилет. Андыктан өлкө жарандары эми тиешелүү органдарга кайрылбастан туруп мамлекеттик жардам ала алышат. Бардык процедуралар автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Үй-бүлөлүк карта мамлекеттик жана социалдык саясаттын орто жана узак мөөнөттүү милдеттерин аныктоочу куралына айланмакчы. Башкача айтканда, кимге, качан, кандай жардам керек экенин аныктоо менен бирге социалдык тобокелчиликтердин алдын алуу чараларын кароого да мүмкүнчүлүк пайда болот. Бардык атайын жардамдардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча демилге жаңы социалдык кодекстин долбоорунда каралган.
Тамара Дүйсенова, Эмгек жана социалдык коргоо министри:
Карта үй-бүлөлөргө же үй-бүлө мүчөлөрүнө алардын социалдык абалына жана үй-бүлөлүк бакубаттуулугунун деңгээлине жараша мамлекеттик колдоонун кандай түрүн алууга укуктуу экендигин жеткире турган электрондук жарчысы катары кызмат кылат. Мындай маалымат ар бир үй-бүлөгө борбордук бийлик тарабынан СМС билдирүү катары жөнөтүлөт. Үчүнчүдөн, мамлекеттик колдоо проактивдүү форматта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, жарандарга социалдык төлөмдөр жана жардамдар маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде даярдалат.
Жаңы кодекстин долбоору атайын социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын жаңылоо менен катар башка артыкчылыктарды камтыйт. Улуттук квалификация жана сертификация системасын киргизүү мерчемделип жатат. Алар жаштардын жумушка орношуусуна тоскоол болгон ашыкча талаптарды алып салууга мүмкүндүк берет. Документти иштеп чыгууда эл аралык тажрыйба кылдат изилденип, Европа биримдигинин Социалдык кодекси негизге алынды. Казакстандын өзгөчөлүгү да ар тарабынан эске алынганын министр кошумчалап өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков