Аны бул кызматка Шавкат Мирзиёев өзү дайындаган. Жигердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн казак кызына эң жооптуу иш ишеним менен тапшырылган.
Мерей Аманбаева мындан бир жыл мурун салтанаттуу жыйында элдин эсинде калган.
Мерей Аманбаева: Саламатсызбы урматтуу президент! Саламатсыздарбы, жыйындын катышуучулары. Сиздерди келе жаткан Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгы менен куттуктайм! Урматтуу президент, сиздин бүгүнкү иш сапарыңыз бизге дем, күч кубат берди десем жаңылышпайм.
Президент: Дем, күч кубат алдык дегениң мага жакты
Азыр Мерейдин бир эмес бир нече жооптуу иши бар. Ал Наваи облусуна караштуу 5 миңдей калкы бар Зарафшон конушунда акимдин жардамчысы болуп иштейт. Жашоочуларды ишкерликке үйрөтөт, бизнес-пландарды текшерет, мамлекеттик субсидияларды бөлүштүрөт. Бардык каржылык жардам бир гана Мерейдин электрондук кол тамгасы аркылуу ишке ашырылат.
Мерей Аманбаева, Өзбекстан Республикасынын президентинин Наваи облусундагы ишенимдүү өкүлү:
- Өзбекстандын президенти казак улутуна өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылат, анткени Наваи шаарына барганда казактар менен жеке жолугуп, алардын ой-пикирин талкуулап, кандай көйгөйлөр бар экендигин, кандай чечимдерди кабыл алуу керектигин айтып турат. Наваи шаарында казактар көпчүлүктү түзөт. Алар негизинен айыл чарбасы менен алектенишет. Айыл чарбасына насыя алып, ишкердик менен эмгектенишет. Алар өз бизнесин эркин жүргүзүп жатышат.
Мерейдин айтымында, Өзбекстандагы казак жаштары абдан активдүү. Билим берүүдө, бизнесте, мамлекеттик кызматтарда өзүн көрсөтүп жүргөндөр көп, демек алардын да жетишкендиктери менен бөлүшө турган күн алыс эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков