Казакстанда улуттук долбоордун алкагында окуу жайлардын курулушу көзөмөлдөнөт

Казакстанда улуттук долбоордун алкагында окуу жайлардын курулушу көзөмөлдөнөт

Акмола облусунда электрондук мониторинг системасы ишке киргизилди. Курулуштун бардык процессинде курулуш иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүлөт. Жалпысынан долбоордун алкагында Казакстанда 2025-жылга чейин 400дөн ашуун заманбап жалпы билим берүү мекемелерин куруу көздөлүп жатат. Акмола облусунда 20 мектепти куруу пландалып, анын 10у келерки жылы пайдаланууга берилет. Алар айылда да, шаарда да жаңы бирдиктүү стандарттар боюнча курулат. Балдар үчүн видеобайкоо тутумдарын, үн сигналдарын жана башка күчөтүлгөн коопсуздук чараларын орнотуу пландаштырылууда. Ошондой эле мектептер физика, химия, биология, робототехника сабактары боюнча эң заманбап кабинеттер менен жабдылат. Белгилей кетсек, учурда сынак башталды анда бир эле мезгилде материалдарды долбоорлоо, куруу жана жеткирүү каралган.

Маулен Айманбетов, «SAMRUK-KAZYNA CONSTRUCTION» башкармалыгынын төрагасы:

- Архитектуралык көзөмөлдүн техникалык көзөмөлү жагынан курулуштун сапатына абдан маанилүү көңүл бурабыз, алар жума сайын электрондук түрдө отчет берип турушат. Аны бардык ыйгарым укуктуу органдар көрүшөт. Өкмөт, министрлик, президенттик администрациянын аппараты, акимчиликтер баары онлайн режимде курулуш иштери кандай жүрүп жатканын көрө алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков