ДССУ QazVac вакцинасын изилдөөгө келет

ДССУ QazVac вакцинасын изилдөөгө келет

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният мекеменин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө уюмдун адистери бардык документтерди текшерип чыгышты. Ал эми чын куран айында алар вакцинанын өзүн, анын эл аралык стандарттарга шайкештигин, өндүрүш процесстерин изилдеп башташат. Алар бардык үлгүлөрдү өз лабораторияларында текшерип, сунуштарын беришет. Бул иштер бир нече этап менен жүргүзүлөт. Тиешелүү изилдөөлөр аяктагандан кийин вакцинаны каттоо иштери башталат.

Ажар Гиният, саламаттыкты сактоо министри:

- Учурда казакстандык вакцинаны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда каттоо иштери уланып жатат. Өткөн жылы бул Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун өкүлдөрү, адистери жана серепчилери биздин ар кандай документтерди онлайн сурап, текшерип чыгышкан. Эми быйыл уюмдан атайын комиссия келип, биздин вакцина кандай чыгарылат, завод эл аралык стандарттарга шайкеш келеби, дүйнө эли колдонууга жарайбы, баарын текшерет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков