Казакстандын туристтик картасын байытууга кол өнөрчүлөрдүн салымы зор. Кооз жаратылыш, жогорку деңгээлдеги инфраструктура, мыкты сервис – бул туристтерди тартуунун негизи эрежеси десек, ал эми аны толуктап турган, өзгөчөлөнткөн кол өнөрчүлөрдүн улуттук калоритте жасаган өнүмдөрү. Бул тууралуу Kazakh Tourism улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү Даниел Сержанович каналга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Ал акыркы бир нече жылдан бери ишканада ата мекендик чеберлердин көйгөйлөрү кылдат изилденип келе жатканын айтты. Эң негизгилеринин бири – кол өнөрчүлүктү ички туризмге эффективдүү айкалыштыруу. Ушул жана башка маселелерди чеберлер менен талкуулоо максатында улуттук компания быйыл облустун бардык аймагынан кол өнөрчүлөрдү чогултуп, чоң форум өткөрүүнү көздөп жатат. Келчекте иш-чараны салтка айландыруу мерчемделген.
Даниел Сержанулы, «Kazakh Tourism» УК» АК башкаруучу мүдүрү:
– Жекече алганда кол өнөрчүлөрдүн маселеси чоң. Жылдар бою жүргүзгөн изилдөөбүзгө караганда, көптөгөн көйгөйлөр бар. Бул өзүнчө чоң тема. Күзүндө Алматыда Кол өнөрчүлөрдүн чоң форумун уюштуруп, талкуулап, изилдегени жатабыз. Ал жерде биз тапкан көйгөйлөрдү кантип чечүү керек жана бул кол өнөрчүлүк тармагын башка чыгармачыл тармактар менен айкалыштыруу жана туризмге кандай пайда алып келүү жөнүндө сүйлөшөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков