Бул тууралуу Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги билдирди. Бул өзгөчө жамааттык саякатка тиешелүү. Ошентип, жалган куран айынын 15нен тарта чет элдик саякатчылар үчүн авиа билеттерди жана казакстандык мейманканаларды алдын ала ээлөө кызматтары жеткиликтүү болот. Бирок, Казакстанга гана эмес. Уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине ошондой эле Непал, Бруней, Вьетнам, Монголия, Иран, Иордания, Танзания, Намибия, Өзбекстан жана башкалар кирет. Мындай чечим коңшу өлкөдөн күтүлүп жаткан келечектеги туристтик агым - республиканын экономикасына оң жана мультипликативдик таасирин тийгизет дешет тармактык адистер. Белгилей кетсек, пандемияга чейинки мезгилде, мисалы, Кытай Эл Республикасынан Казакстанга жыл сайын жүз миңге жакын саякатчы келген.
Ернур Кенжебеков, «KAZAKH TOURISM» улуттук компаниясынын басма сөз катчысы:
- Бир жылдын ичинде болжол менен кытайлык туристтердин саны төрт эсеге көбөйөт деп болжолдоого болот. Бул экономикага, анын ичинде туризм тармагына оң таасирин тийгизет, алар мейманканаларда турушат, азем белектерди сатып алышат, башка кызматтарды колдонушат. Мунун баары аталган тармакка чоң мультипликативдик эффект берет. Ал эми туристтер канчалык уюшкандыкта болсо, туризми ошончолук өнүгөт. Мунун баары кытайлык туристтер үчүн Казакстанга эс алуу жайы, туристтик жай катары жагымдуулугуна таасирин тийгизет. Жалпысынан Кытай туристтеринин Казакстанга эс алуучу өлкө жана туристтик жай катары тартылуусуна шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков