Касым-Жомарт Токаев улуттук курултайдын IV жыйынына катышат. Жалган куран айынын 14дө Бурабайда өтө турган жыйында мамлекет башчысы сөз сүйлөйт. Ошондой эле улуттук курултай мүчөлөрү коомдогу актуалдуу маселелер боюнча өз сунуштарын айтышат. Эскерте кетсек, президенттин алдындагы Улуттук Курултай 2022-жылы Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Ага ар бир аймактык коомдук кеңештен бирден өкүл тартылды. Улуттук Курултай мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө катары жалпы диалог аянтчасына айланды. Мындан тышкары, анын иши жалпы улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө жана Казакстан коомунун биримдигин чыңдоого багытталган. Улуттук курултайдын буга чейинки жыйындары өлкөнүн ыйык, тарыхый мекемелери - Улытау, Түркестан жана Атырау шаарларында өткөн. Алардын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн бир катар мыйзамдар жана түзөтүүлөр кабыл алынды. Алсак, аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун камсыздоо, кумар оюндарына каршы күрөшүү, өсүп келе жаткан муунга улуттук фонддон каражат бөлүү маселелери көтөрүлдү. Ономастика жана геральдика боюнча ишти өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамга байланыштуу жаңы өзгөрүүлөр орун алды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

