Өкмөттө жаңы санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү талкууланды

Өкмөттө жаңы санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү талкууланды

Казакстанда мамлекеттик органдардын ишинде жаңы санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу кеңейтилет. Бул тууралуу өкмөттүн көчмө жыйынында премьер-министр билдирди. Олжас Бектенов экономиканы шыктандыруу үчүн санариптик чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми жасалма интеллекти андан ары колдонуп, өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларында маалыматтардын болушуна бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурду. Министрлер кабинетинин башчысы санариптик өнүктүрүү министрлигине кызыкдар мекемелер, акимиаттар менен биргеликте санариптик технология, нейро тармактарды ишке киргизген ишканаларды колдоо чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Ал эми жогорку билим берүү министрлиги жасалма интеллект боюнча билим берүү программалары менен курстарын түзүү тапшырмасын берди. Алар боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери 2025-жыл ичинде окутулат.


Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


- Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу системасындагы санариптик трансформация коомдук турмуштагы жана экономикадагы кайра түзүүлөргө көмөк көрсөтүшү керектигин баса белгилейт. Нейрон тармактары аркылуу биз мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана өзгөчө кырдаалдарды алдын ала эскертип, активдүү жооп бере алабыз. Санариптик трансформациянын жүрүшүндө биз жаңы санариптик чечимдерди интеграциялоо боюнча иштерди да жүргүзүшүбүз керек. Бул иштердин баары 2029-жылга чейин жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясында жана жаңы жасалма интеллект мыйзамында улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков