Коньки
тебүүчүлөрдүн алгачкы тарыхый алтын медалы. Тогузунчу кышкы Азия оюндарында эң
жогорку үлгүдөгү сыйлыктарга өлкөнүн шорт-трек боюнча эркектер курама командасы
ээ болду. Казакстандык коньки тебүүчүлөр 5 миң метрлик эстафетадада эң ылдам
болду. Муну менен Казакстан Кытайдын Харбин шаарында өткөн мелдеште бүгүнкү
күндө 9 медалга ээ болду. Жети күндүк мелдештин үчөөсүнөн кийин өлкө Кытай,
Түштүк Корея жана Жапониядан кийинки 4 командалык орунду ээледи. Жалпысынан
атамекендик команданын эсебинде 1 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медаль бар.
Шорт-трек боюнча аралаш жана аялдардын эстафетасында спортчулар 2 күмүш медалга
ээ болушту. Мындан тышкары, коньки тебүүчү Евгений Кошкин, лыжачы Константин
Балбов жана фристайл боюнча аралаш курама команда экинчи орундарга ээ болушту.
Фристайл–акробатика боюнча Аяна Жолдас, командалык спринт боюнча коньки
тебүүдөн аялдар командасы жана лыжачы Олжас Климин коло медалга ээ болушту.
Аяна Толеген, Туризм жана спорт
министрлигинин спортту өнүктүрүү дирекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси:
- Харбинде дүйнөнүн эң күчтүү жапон, корей, кытай курама
командалары менен атаандашып, биз алтын сыйлыкка ээ болдук. Биатлончуларыбыздан
жок дегенде эки алтын медаль ала алабыз деп үмүттөнөбүз. Айта кетчү жагдай,
коньки тебүүчүлөрдүн мелдеши баштала элек, бизде таланттуу жаш команда бар,
ошондуктан алардан да медалдарды күтөбүз. Эсеп боюнча айта албайбыз. Анткени
ошол лыжа тебүүчүлөр күчүндө. Коньки тебүүдө бизде дагы сыйлыктар болот деп
күтүлүүдө. Башка спорт түрлөрүнөн
күтүүсүз жеништерди күтөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

