Кыргызстанда абитуриенттердин
педагогикалык адистиктерге болгон талаптары жогорулоодо. Тактап айтканда, босого
баллы 130га чейин көтөрүлдү. Тармактык мекмеден билдиришкендей, өзгөртүүлөр
билим берүү системасын бекемдөөгө, анын сапатын жакшыртууга жана адистердин
кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул өз кезегинде
даярдоо жараянына гана эмес, натыйжада–жогорку квалификациялуу мугалимдерге да
таасирин тийгизет. Жалпысынан алганда, бул чечим өлкөдөгү педагогикалык билим
берүүнү модернизациялоого карай маанилүү кадам болот деп эсептейт Кыргызстандын
билим берүү жана илим министрлиги.
Айнура Исраилова, Билим берүү жана
илим министрлигинин жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү
башкармалыгынын жетекчиси:
- Билим берүү жана илим министрлиги
быйылкы жылдан тарта босого баллын 130га көтөрдү. Бул өзгөртүү билим берүүнүн
сапатын жана адистерди даярдоону жогорулатууга багытталган. Айта кетсек,
2024-жылы баллдардын саны да 115тен 120га чейин көбөйгөн.
Айгүл Абдраева, КМУнун ректору:
- Университетибизге бул окуу жылына
596 бюджеттик орун бөлүнгөн. Алардын баары толду. Бизде жыл сайын бир орунга
кабыл алуу мезгилинде кээде бир нече жүз абитуриент талапкер болот. Мисалы,
буга чейин «Англис
тили мугалими»,
«башталгыч
класстардын мугалими»
адистиктерине 15 гана бюджеттик орун берилген, ал эми каалоочулардын саны
200дөн ашкан. Мындан тышкары, бюджеттик бөлүмдөрдүн студенттери үчүн шарттар
жакшыртылды.
Тармактык бөлүмдүн маалыматы
боюнча, босого баллдын жогорулашы азырынча бюджетке педагогикалык адистиктерге
тапшырууну каалаган абитуриенттерге гана тиешелүү болот. Калган формалар боюнча
чечим кабыл алына элек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

