Өткөн жылы өлкөдө 154 жаңы мектеп ачылды. Жаңы окуу жылында дагы 221 билим берүү борборун ишке киргизүү пландалууда. Касым-Жомарт Токаев билим берүү тармактарын өнүктүрүү чаралары боюнча билим берүү министринин отчетун укту. Орто билим берүүнүн сапаты өсүүдө. Эл аралык олимпиадаларда Казакстандын атынан барган ар бир экинчи окуучу байгелүү орундарга ээ болуп келет. Өткөн жылы өлкө окуучулары 58 алтын медалга ээ болушкан. Президентке техникалык жана кесиптик билим берүү системасын трансформациялоо, инклюзивдик жана атайын окутууну өнүктүрүү боюнча долбоорлор тааныштырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков