Өткөн окуу жылында казакстандык окуучулар эл аралык олимпиадаларда 600дөн ашык медаль жеңип алышкан. Башкача айтканда, өлкөдөн ар бир экинчи катышуучу интеллектуалдык таймаштарда байгелүү орундарга ээ болду. Жалпысынан Казакстандын курама командасынын куржуну 118 «алтын», 201 «күмүш» жана 284 «коло» медаль менен толукталды. Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Казакстандын окуу жайларынын окуучулары 12 эл аралык олимпиадага жана илимий сынактарга катышкан.
Нурлан Жумагелди, «ДАРЫН» республикалык илимий-практикалык борборунун мүдүрүнүн орун басары:
– Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын дагы бир ийгилиги катары биздин окуучулар робототехника боюнча FIRST CHAMPIONSHIP эл аралык чемпионатына катышып, чоң ийгиликтерге жетишти. Муну менен катар, улуттук курама команда Сингапурда, АКШда, Кипрде жана Кытайда өткөн мелдештерде жогорку сыйлыктарга ээ болду. АКШда өткөн ISEF-2024 сынагынын жыйынтыгында биздин окуучулар 4 байгеге ээ болуп, 100 пайыз жыйынтык көрсөтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков