Казакстанда ишке киргизилген суперкомпьютердин аркасында
жасалма интеллект экосистемасы тездик менен өнүгүп жатат. Бүгүн адистештирилген
комиссиянын отурумунда мамлекеттик органдарды санариптештирүү жана алдыңкы
технологиялык чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды. Мисалы, өлкө QazTech
санарип платформасын аяк оона айында ишке киргизүүгө даяр. Ал санарип өнүмдөрдү
тез иштеп чыгууга жана киргизүүгө арналган. Негизгиси - жаңы IT-чечимдерди ишке
киргизүү мөөнөтүн 1,5-3 жылдан 6 айга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Санариптик өнүгүү министринин айтымында, ал өнүмдү иштеп чыгуунун ар бир
этабында бирдиктүү стандарттарды, булуттуу технологияларды колдонууну жана
коопсуздукту камсыз кылат. Мамлекеттик органдардын маалыматтарды иштеп чыгуу
борбору жакында ишке киргизилген суперкомпьютерге киргизилди. «Жасалма
интеллект тууралуу» мыйзам долбоору иштелип жатат. Премьер-министр Олжас
Бектенов курулуп жаткан улуттук жасалма интеллект инфраструктурасы
автоматташтыруу, чоң маалыматтарды талдоо жана интеллектуалдык башкаруу үчүн
жаңы горизонтторду ачарын белгиледи. Өкмөт башчысы бир айдын ичинде санариптик
трансформация карталарына байланыштуу ишти аяктоону тапшырды. Алар жасалма интеллектти
интеграциялоого негиз болот, ошондой эле бизнеске да мамлекеттик маалымат
базасында өз долбоорлорун жасоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

