Алматыда «ядролук илим жана технологиялар» эл аралык форуму өтүүдө

Алматыда «ядролук илим жана технологиялар» эл аралык форуму өтүүдө

«Ядролук илим жана технология». Алматыда бешинчи эл аралык илимий форум өтүп жатат. Иш-чара ядролук физика институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири, академик Каныш Сатпаевдин 125 жылдыгына арналды. Форумдун ишине дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн, анын ичинде Польша, Германия, Жапония, Кытай, Бельгиядан алдыңкы чет өлкөлүк жана казакстандык адистер катышууда. Алар бир нече күн бою атомдук илимдин медицинага, өнөр жайга, айыл чарбасына жана экологияга тийгизген таасирин талкуулашат. Окумуштуулар Казакстандагы АЭСтин курулушунун келечегине да пикирин билдиришти. Алардын пикиринде, аны салуу өлкө үчүн көптөгөн келечектерди ачат. Биринчи кезекте энергетикалык коопсуздук камсыз кылынат. 

Асхат Бекбаев, «Ядролук физика» институту РМИ башкы инженеренинин орун басары:

– Мен келечекке эң жаш адис катары туура жолдо баратканыбызга ишенем. Муну 10-20 жылга чектөөгө болбойт. Буга жүздөгөн жылдар алдыга караш керек. Жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк добуш «макул» болду. Бул биздин өлкөнүн келечекте өнүгүүгө түрткү бере турган энергиянын мындай генерациясына болгон аң-сезими, муктаждыгы жөнүндө айтып турат.

Нариаки Сакаба, Жапония Атомдук энергия агенттигинин мудүрү:

– Казакстанда урандын олуттуу кору бар. Албетте, атомдук электр станциясын куруу абдан маанилүү. Күбөлөрдүн бири-өткөн референдум. Ооба, элдин пикири менен эсептешишибиз керек. Жасалып жаткан кадамдар жакшылыкка багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков