Казак тилиндеги текст менен гана эмес, сүрөттөр жана
аудио менен да иштей алган жасалма интеллект. Назарбаев Университетинин иштеп
чыгуучулары медиа, илим жана юриспруденция тармактарында интеллектуалдык
жардамчыларды сунушташты.
Алардын бири - Qolda тил модели. Долбоор колдонууга жеткиликтүү жана аны
суперкомпьютерлерде гана эмес, кадимки смартфондордо жана ноутбуктарда да
иштетүүгө болот. Серепчилердин айтымында,
мындай технологиялардын өнүгүшү казак тилиндеги сапаттуу санариптик контентти
көбөйтүүгө жардам берет жана ата мекендик жасалма интеллект системаларын
түзүүгө шарт түзөт.
Ербол Абсалямов, Nazarbayev
University алдындагы акылдуу
системалар жана жасалма интеллект институтунун аткаруучу мүдүрү:
– Интернеттеги
казак тилиндеги ачык маалыматтар жана контент аз, чектелген жана бул долбоор
менен бизде башка максат бар - адамдарды казак тилин санарип дүйнөдө көбүрөөк
колдонууга үндөө. Башкача айтканда, биз интернет булактарында казак тилинде
канчалык көп санарип из калтырсак, ошончо
казак тилиндеги сапаттуу, жеткиликтүү маалыматтар көп болот жана биздин иштеп чыгуучуларга
казак тилин абдан жакшы түшүнгөн, сүйлөшкөн моделдерди ошондой эле жасалма
интеллект агенттерин түзүү ошончолук жеңил болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

