Чет элдик студенттер Казакстанда билим алууга кызыкдар

Чет элдик студенттер Казакстанда билим алууга кызыкдар

Казакстанда чет элдиктердин билим алууга болгон кызыгуусу артууда. Муну Улуттук статистика бюросунун маалыматтары көрсөтүп турат. Быйылкы окуу жылында казакстандык ЖОЖдордо 28 жарым миң чет өлкөлүк студент билим алып жатат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп. Казакстандык диплом алуу үчүн негизинен алыскы чет өлкөлөрдөн келишет. Алардын арасында Индия, Монголия жана Кытай жарандары басымдуулук кылат. Ошондой эле, студенттер Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусия сыяктуу КМШ өлкөлөрүнөн келишет. Жалпысынан өлкөнүн университеттеринде жана институттарында окуган 624 миң студенттин үчтөн бир бөлүгү Алматы шаарындагы окуу жайларды тандашат. Мегаполис республиканын Башкы билим берүү хабына айланды. Шаарда 200 миңден ашуун жаштар билим алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков