Кыргызстанда Борбор Азиянын 3-парламенттер аралык форуму өттү

Кыргызстанда Борбор Азиянын 3-парламенттер аралык форуму өттү

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жасалма интеллект жана санариптештирүү боюнча мыйзамдары бири-биринен айырмаланбашы керек. Бул документтерде окшош принциптерди жана ыкмаларды колдонуу өтө маанилүү. Мындай пикирин Бишкекте Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунда сөз сүйлөгөн Казакстан Сенатынын Төрагасы билдирди. Ошондой эле Маулен Ашимбаев соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн мыйзамдык базаны бекемдөөнүн мааниси зор экенин белгиледи. Анын айтымында, бул маанилүү жыйын парламентаралык байланыштарды бекемдөөнүн символу жана тарыхка, боордоштукка, жаркын келечекке болгон жалпы умтулууга болгон урматтын белгиси. 

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы: 

- Эгерде биринчи Форум парламенттик интеграциянын негизин түптөсө, экинчиси анын күн тартибин кеңейтти. Ал эми үчүнчү Форум биздин мындан да конкреттүү жана мазмундуу ишке өтө турганыбызды көрсөтөт. Мамлекеттерибиздин башчылары Борбордук Азия аймагында кызматташтыктын жана ынтымакташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп берди. Бул жаатта парламенттердин, тагыраак айтканда биздин башкы милдетибиз – Президенттерибиздин бардык макулдашууларын натыйжалуу ишке ашырууга салым кошуу жана прагматизм менен ишенимге негизделген биргелешкен ишти системалуу түрдө улантуу. 

Ошондой эле Маулен Ашимбаев баштаган казакстандык делегация казак-кыргыз интеллигенциясынын IX форумуна катышты. Анда боордош элдердин тарыхый байланыштарына негизделген маданий мурасты, адабий чыгармаларды санариптик мейкиндикте сактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле Казакстан Сенатынын спикери Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушту. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилешти. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков