Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан суу ташкынынан жабыркаган Казакстандын элине гуманитардык жардам жөнөттү. Боордош өлкө 300 тоннага жакын азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке зарыл болгон заттарды 15 жүк ташуучу автоунаага жүктөп жиберген. Гуманитардык жүк суу ташкынына кабылган Атырау, Актөбе, Батыш Казакстан жана Костанай облустарынын тургундарына жеткирилет. Азык-түлүк кербени Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун буйругу менен уюштурулган.  

Ата мекендик ыктыярчылар 550 тоннадан ашык гуманитардык жардам жыйнады 

Казакстандык ыктыярчылар да суу ташкынынан жапа чеккен мекендештерине жардам колун сунууда. Жигердүү жарандар өлкөнүн бардык шаарларында атайын пункттарды түзүп, кайдыгер карабаган кайрымдуулардын жардамын кабыл алып жатат. Бүгүнкү күндө 550 тоннадан ашык гуманитардык жүк жыйналды. Тамак-аш, кийим-кече сыяктуу керектүү буюмдардын көбү жабыркаган аймактарга жеткирилди. Жалпысынан республика боюнча 25 миңден ашык ыктыярчы ар кандай кызматтарды көрсөтүп келет. Алар элге маалымат берип, кооптуу аймактардан эвакуациялангандарды жана өзгөчө кырдаалдарда талыкпай иштеп жаткан куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, тилсиз жоонун кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүдө.