Казакстан спортко багытталган жылкылардын тукумун көбөйтүүнү көздөйт

Казакстан спортко багытталган жылкылардын тукумун көбөйтүүнү көздөйт

Казакстанда спортко багытталган казак жылкылардын тукумун көбөйтүү көздөлүүдө. Муну жылкычыларга субсидия берүү аркылуу мамлекеттик колдоо жолу менен ишке ашырууну пландап жатышат. Бул максатка беш жыл аралыгында өлкө бюджетинен жыл сайын 170 миллион теңге бөлүнөт. Каражаттарды бөлүштүрүү менен акимчиликтер алектенет. Мажилис ушул жана башка жаңычылдыктарды киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми документ Сенатта каралат. Өзгөртүүлөрдү киргизген демилгечилердин бири Айдарбек Ходжаназаров. Депутат белгилегендей, генофонду сактоого костанайлык жылкы тукуму да кирет. Анын санынын көбөйүшү улуттук ат оюндарынын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бул үчүн мыйзам долбоорунда бир катар иш-чаралар каралган. Буга - чет өлкөлөрдөгү асыл тукум жылкыларды өстүргөн борборлордон спорттук аргымактарды сатып алуу, селекциялык иштерди жүргүзүү жана малды багууга кеткен чыгымдын ордун толтуруу кирет.

Айдарбек Ходжаназаров, РК Мажилисинин депутаты:

-Башкы  милдет – бул казакстандык жана күлүк породаларынын санын көбөйтүү болуп саналат. Ошондой эле, биз азыркы тапта бул малдын санын көбөйтүүнү каалайбыз. Жалпысынан 270 баш катталган. Алардын ичинен бардыгы 78 бээ эсептелип,  мындан ары алар тукум бере алышат. Биз бул породалардын, Костанай жана башка казак породаларынын ээлерине колдоо көрсөтүүнү каалайбыз. Себеби рынокта пайда болуп, суроо-талапка ээ болсо, эртең биз спорттун улуттук түрлөрү менен машыккан спортчуларыбызды камсыздай алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков