Казакстандын президенти жаңы Конституциянын күчүнө
киришине байланыштуу жарандарга кайрылуу жолдоду. Касым-Жомарт Токаев
казакстандыктарды аталган окуя менен куттуктап, аны өлкө тарыхында жаңы
барактын башталышы деп атады. Мамлекет башчысынын айтымында, Баш мыйзам ири
саясий жана экономикалык реформалар, ошондой эле мамлекеттик башкаруу
системасын модернизациялоо үчүн негиз болот. Президент жарандар жаңы Конституцияны
кабыл алуу чечимин жалган куран айынын 15де жалпы улуттук референдумда
колдогонун эске салды. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бул тандоо
Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүн көп жылдарга аныктады. Мамлекет башчысы жаңы
Конституция саясий системаны олуттуу жаңылоону караштырып, өлкөдөгү мындан аркы
өзгөрүүлөргө негиз түзөрүн баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Чыныгы
улуттук Конституциянын бузулбас укуктук пайдубалына таянып, биз алдыга койгон
бардык максаттарыбызга жетип, коомдо мыйзамдуулуктун, эмгекчилдиктин, өнүгүүнүн, тазалыктын жана
жаратылышты сүйүүнүн жаратман баалуулуктарын орнотобуз деп ишенем. Улуттук биримдиктин
бузулбас монолитине биригип, биз сөзсүз түрдө дүйнөлүк цивилизациянын чокуларын
багындырып, бардык жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдүн жана ар тараптуу
өнүгүүнүн мамлекети болгон Адилеттүү Казакстанды курабыз! Ата Мекенибиздин
гүлдөп өнүгүшүнө алып барчу
белгиленген пландардын акырына чейин
ийгиликтүү болоруна ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

