Казакстан космос аппараттарын экспорттойт

Казакстан космос аппараттарын экспорттойт

Казакстан Каспий деңизинин түбүнөн тартыла турган Азербайжанга чейин оптикалык булалуу байланыш линиясын куруу долбоорун ишке ашырууну баштады. Жаңы багыт эл аралык интернет-трафиктин транзитин күчөтүп, өлкөнүн Европа менен Азиянын ортосундагы санариптик көпүрө катары ролун бекемдеши керек. Премьер-министрдин орун басары - жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри Жаслан Мадиев курулушту жылдын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылганын билдирди. Өлкөдө глобалдык деңгээлдеги маалыматтарды иштетүү борборлорун өнүктүрүү колго алынган. Мындан тышкары, Казакстан спутниктердин өндүрүшүн көбөйтүүнү көздөйт. Ата мекендик космос аппараттарын экспорттоо жагы да жолго коюлат.

Жаслан Мадиев, Премьер-министрдин орун басары - Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри:

- Ата мекендик спутниктерди өндүрүү комплекси Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигине таандык. Биз азыр бул ишкананын кубаттуулугун жүктөө боюнча ишти баштадык. Алдыдагы жылдары өндүрүш аянтында жерди аралыктан зонддоонун кеминде 5-6 жер спутнигин чыгаруу көздөлүп отурат. 75 млн долларга космос аппараттарын экспорттоо пландаштырылган. Бул Казакстан тарыхында алгачкы технологиялык экспорт болуп саналат.

Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернетке кошуу уланууда. Алдыдагы эки жылда 3 миңден ашык айыл калктуу конуш оптикалык була байланышы менен камсыздалат. Өлкө калкынын 99%ы интернетке жеткиликтүү болот. Интернет тармагын түздөн-түз үйгө жеткирүү максатында «акыркы миль» долбоору ишке ашырылууда. Мамлекеттин 20 шаарында ишке киргизилген 5G жаңы муундагы мобилдик байланышы да кеңейтилүүдө. IT-сектордун экономикага кошкон салымы да өсүүдө. Жыл жыйынтыгы боюнча казакстандык IT-кызматтар экспортунун көлөмү 1 млрд. долларга жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков