ЖОЖдун көргөзмөсү

ЖОЖдун көргөзмөсү

Казакстандын Тараз шаарында жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өттү. Ага 20дан ашык чет элдик университеттин өкүлдөрү катышты. Учурда өлкөнүн көптөгөн аймактарында кош дипломдук программа боюнча билим алууга шарт түзүлгөн. Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкө аймагында чет элдик университеттердин 23 филиалы ачылса, быйылкы жылы дагы 11 стратегиялык өнөктөш менен натыйжалуу иштөөгө жетишүү пландалууда. Бул иш-чаралар келечектеги адистер үчүн абдан пайдалуу болмокчу. Анткени Казакстандан чыкпай эле дүйнөлүк деңгээлдеги чет элдик окуу жайдын дипломун алууга болот.  

Алдияр Зайнитдинов, окуучу: 

- Мындай иш-чаралардын аркасында биз көптөгөн жогорку окуу жайлары жөнүндө биле алабыз. Бул жардам менен биз өзүбүзгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз десек болот. Негизинен эл аралык мамилелер тармагында иштегим келет. Мен өзүмдү ошол кесипте көрөм. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков