Казакстанда өткөн математика, физика жана информатика
боюнча XXI эл аралык Жаутиков олимпиадасынын жүрүшүндө түркмөнстандык окуучулар
2 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты. Жалпы командалык эсепте
Түркмөнстандын курама командасы 8-орунду ээледи. Эскерте кетсек, билим берүү сынагы
үчтүн айынын 13-17 күндөрү Астанада уюштурулду. Ага 700 өлкөдөн 15тен ашык
мектеп окуучулары катышты. Алардын 20дан ашыгы Түркмөнстандын намысын коргошту.
Жеңүүчүлөр Ашхабадда салтанаттуу түрдө сыйланышты. Түркмөнстандын билим берүү
министри Эл аралык сынактар илимий дараметти калыптандыруу жана билим берүү
жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү
экенин белгиледи. Анын пикиринде, Жаутиков олимпиадасы салттуу түрдө жаш
таланттарды аныктоо жана колдоо, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы байланышты
чыңдоо үчүн уникалдуу аянтчага айланган.
Хамза Аллабердиев, Ашхабад
шаарынын № 135 мектеп окуучусу:
- Эл аралык олимпиадада
математика боюнча алтын медалды жеңип алдым. Мен сынакка көпкө даярдандым. Күн
сайын менин билимимди өркүндөткөн окутуучуларыма терең ыраазычылык билдиргим
келет.
Расул
Мырадов, Мары облусу
мектебинин мүдүрү:
- Биздин окуучулар бул Олимпиадада ушундай чоң жыйынтыктарга жетишкенине абдан кубанычтамын. Балдар бул мелдешке көпкө даярданды. Бул билим берүү сынактарына камданып жаткан окуучулар үчүн үлгү болот деп үмүттөнөбүз. Билимге басым жасаган окуучу каалаган бийиктикти багындыра алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

