Колледждин студенттери чет өлкөдөн тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышат

Колледждин студенттери чет өлкөдөн тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышат

Казакстандын колледж студенттери биринчи жолу эл аралык сертификациядан өтүп жатышат. Бул алардын кесиптик көндүмдөрүн дүйнөлүк деңгээлде таанууга карай маанилүү кадам болуп саналат. Демилге жумушчу кесиптер жылынын алкагында ишке ашырылып, техникалык жана кесиптик билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациясын тастыктоонун жаңы куралы болуп саналат. Сертификация Certiport платформасында өтөт, ал 152 өлкөдө, анын ичинде АКШ, Канада, Европа мамлекеттери, Азия, Жакынкы Чыгыш жана Австралияда таанылган. Алынган сертификаттардын Казакстанда гана эмес, анын чегинен тышкары да баалуулугу бар.


Мереке Амангелды кызы, Казакстандын Билим берүү министрлигинин расмий өкүлү:


- Казактастанда биринчи тестирлөө борбору «Talap» КэАК базасында жана өлкөнүн дагы беш колледжинде ачылды. Биринчи эл аралык сертификаттар берилди, төрт студент кесиптик компетенцияларын ийгиликтүү тастыкташты. Бул алардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Чет өлкөлөрдө такшалмадан өтүүгө мүмкүндүк берет дегенди билдирет.


Белгилей кетсек, Казакстан кесиптик билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү жана эмгек мейкиндигине интеграциялоо багытында ишенимдүү кадам таштап жатат. Жаш адистерге эл аралык аренада өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Которгон: Назира Бегалиева