Казакстанда пандемия башталгандан бери өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылгандардын саны артты

Казакстанда пандемия башталгандан бери өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылгандардын саны артты

Өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылган казакстандыктардын саны көбөйдү. Быйыл алардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 60 миң кишиге жогору. Буга пандемияга чейинки жашоо образынын кайрадан кайтып келиши да себеп болду. Ошондой эле, обочолонуу учурунда онлайн режиминде иштеген көптөгөн жарандар мурдагы форматта калууну туура деп көрүшкөн дешет адистер. Бири жаңы бизнес баштаса, экинчиси мурунку бизнесине жаңы дем берди.

Руслан Тилеубаев, РКнын калкты жумуш менен камсыз кылуу департаменти мүдүрүнүн орун басары:

- 2020-жылдын аягынан тартып, 2020-жылдын төртүнчү чейрегинен баштап, биз эмгек рыногунун акырындык менен турукташуусун, экономиканын калыбына келүүсүн байкап жатабыз. Биз азыркы учурда эмгек рыногунун негизги көрсөткүчтөрүн көрүп жатабыз. Алар 2019 -жылдын деңгээлине жетти. Өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылгандардын саны калыбына келип, 19-жылдын 4-чейрегинин деңгээлине жетти. Бул биринчи кезекте чектөө чаралары жана иш-чаралардын акырындык менен калыбына келүүгө байланыштуу деп эсептейм.

Өз ишин баштагандардын бири Нур-Султан шаарынын тургуну Динара Бесбаева. Ал алдыңкы авиакомпаниялардын биринде стюардесса болуп иштеген жана декреттик өргүүдө болгон. Ал жазында жумушка кайтып келүүнү пландап, бирок пандемияга байланыштуу көптөгөн рейстер токтотулуп, кызматкерлердин саны убактылуу кыскарган. Убактылуу жумушсуз калган Динара убактысын текке кетирбей, тескерисинче өзүнүн эң чоң кыялдарынын бири: чакан жана ыңгайлуу кафе ачкан. Жаңы ишин баштоого ага үй-бүлөсү жардам берген.

Динара Бесбаева, ишкер:

- Башында кофе дүкөнүн ачуу мен үчүн чоң нерседей сезилди, бирок бугу айына жакын, мен пандемияга байланыштуу мурунку жумушума кайтуу мүмкүн эместигин түшүндүм. Андыктан киреше булагын издөө керек болду. Ошентип, идея ишке ашып, бир айдын ичинде кафе ачтык. Иш жакшы жүрүп жатат. Биринчи айга салыштырмалуу сатуу эки эсеге өстү.

Белгилей кетсек, тамактануу жайлары - пандемия учурунда эң көп жабыр тарткан тармактардын бири. Аны менен бирге мейманкана бизнеси жана

кызмат көрсөтүү тармагы да. Ал эми учурда чакан ишканалар мурдагы иштөө режимине кайтып келишүүдө. Албетте, бул жагдай 2020-жылга салыштырмалуу өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандардын өсүшүнө таасирин тийгизди. Ошентип, өлкөдө 2 миллион 100 миңден ашык адам жеке иши жүргүзүп жатат. Серепчилер ишкерлердин саны дагы көбөйөөрүн айтышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков