Астанада
Казакстандын Президентинин жана Иорданиянын Королунун катышуусунда бизнес-форум
өттү. Иш-чара эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чогултту. Касым-Жомарт
Токаев белгилегендей, форум эки тараптуу өнөктөштүктө жаңы барак ачат. Бүгүнкү
күндө Казакстан аймактагы эң ири экономика бойдон калууда. Бул жылы өлкөнүн ИДӨ 6
пайыздан ашык өстү. Республика транзиттик-транспорттук дараметин
жигердүү өнүктүрүүдө. Казакстан аркылуу он эки эл аралык коридор
өтөт, бул өлкөнүн Евразиядагы стратегиялык логистикалык хаб катары позициясын
бекемдейт.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биз
Ортоңку коридор жана «Түндүк – Түштүк» коридору сыяктуу ири эл
аралык транспорттук каттамдарды активдүү өнүктүрүп жатабыз. Актау жана Курык
деңиз порттору Каспий деңизи аркылуу жүктөрдүн транзитин камсыз кылууда негизги
ролду ойнойт. Былтыр Курык портунда жылдык өткөрүү жөндөмдүүлүгү 1 миллион
тоннага чейин жеткен дан терминалын ишке киргиздик. Мындан тышкары, Актауда
өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 240 миң контейнерди түзгөн контейнердик хаб
курдук. Ошондой эле Акаба портунун стратегиялык дараметин пайдалануу боюнча
биргелешип иштөөгө даярбыз.
Мамлекет
башчысы Казакстан менен Иорданиянын агробизнес тармагындагы өнөктөштүгүнүн дагы
мүмкүнчүлүктөрүнө ишенет. Өлкө дан эгиндерин экспорттоо боюнча дүйнөдөгү
алдыңкы ондукка кирет. Казакстан жыл сайын 10 миллион тоннадан ашык буудай жана
2 миллион тоннага жакын ун жеткирип турат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин
өлкө Иорданияга жогорку сапаттагы органикалык, адал жана экологиялык жактан тең
салмактуу айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Биз
Иорданиянын Aljazeera Agricultural компаниясынын Казакстанда куш фабрикасын куруу
демилгесин кубаттайбыз. Бул долбоор биздин өлкөлөрдүн ортосундагы айыл чарба
тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган конкреттүү кадам болуп
саналат.
Касым-Жомарт
Токаев өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарынын катарына
атомдук энергетиканы, санариптештирүүнү жана фармацевтикалык өнөр жайын атады.
Акыркы тармакта эки тараптын тең ийгиликтери бар. Иордания дары-дармек өнүмүн
дүйнөнүн 85тен ашык өлкөсүнө жеткирет. Казакстандын дагы
дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды өндүрүүдө ийгиликтери бар.
Мамлекет башчысы QazBioPharm компаниясынын жана иорданиялык DADvet
компаниясынын вакциналарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана аймакка өз ара
экспорттоо пландарын кубаттады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

