Кытай менен Германиянын ортосундагы жаңы темир жол багыты Казакстан аркылуу өтөт. Каттам Кара жана Каспий деңиздери аркылуу темир жол жана деңиз транспорту менен жүргүзүлөт. Эл аралык Сиань портунан спорттук товарлар, кийим-кечелер жана төшөнчүлөр салынган алгачкы поезд ишке киргизилди. Поезд Азербайжан, Румыния, Венгрия, Словакия жана Чехия аркылуу өтөт. Транзиттик жолдун жалпы узундугу 11 миң чакырымдан ашык, ал эми жүк бул аралыкты 20 күндө басып өтөт. Ата мекендик логистикалык компаниялар мындай жаңы каттам Казакстандын транзиттик дараметин жогорулатып, жаңы рынокторду ачат деп үмүттөнүшүүдө.
Ерлан Төлендиев, «KTZ Еxpress» АК «Түштүк» филиалынын мүдүрү:
- Кытай товарлары биздин чек арага темир жол аркылуу келет. Ал жүктү биздин контейнерлерге жүктөп, Актау портуна чейин жеткирип ал жактан деңиз аркылуу Азербайжан портуна алып барып, ал жерден темир жол вагондоруна, андан ары Грузиянын портторуна жеткирип, жана дагы Констанса портуна деңиз танспорту аркылуу жеткирип берип турабыз. Бул темир жол тармагына да, деңиз транспортуна да пайдалуу. Жүктүн өсүшү экономикалык жактан оң таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков