АӨБ Казакстандын экономикалык өсүшү боюнча божомолун жогорулатты

АӨБ Казакстандын экономикалык өсүшү боюнча божомолун жогорулатты

Казакстандын экономикасы 2026-жылы 4,8 пайызга өсөт. Азия өнүктүрүү банкы жазгы баяндамасында өлкөгө жана аймакка карата болжолун сунуштады. Аяк оона айындагы чыгарылышында өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 4,3 пайызга чейин басаңдаарын күтүшкөн. Каржы мекемесинин отчетунда дүйнөлүк сооданын туруксуздугуна карабастан, Казакстандын экономикасы туруктуу бойдон калууда деп айтылат. Муну бир катар факторлор, анын ичинде топтолгон резервдер, инвестиция жана туруктуу каржы сектору камсыз кылууда.

Санжар Калдаров, Азия өнүктүрүү банкынын экономика боюнча талдоочусу:

– Казакстан энергияны экспорттоочу өлкө катары биринчи кезекте европалык рынокко багытталган, бул дүйнөлүк жеткирүү чынжырында учурдагы үзгүлтүктөрдүн түздөн-түз таасирин азайтат. 2025-жылы экономика 6,5 пайыздык рекорддук экономикалык өсүштү белгиледи. Буга Улуттук фонддогу топтоо жана алтын-валюта резервдери кирген. Каржы сектору туруктуу бойдон калууда. Жалпысынан Казакстандын өсүү булактары ресурстук эмес секторлорго, биринчи кезекте өндүрүшкө, кызмат көрсөтүүлөргө жана курулушка өтөт. Бул мамлекеттик инфраструктуралык инвестицияны камтыйт. Ошентип, жалпы кыйынчылыктарга жана басаңдоолорго карабастан, Казакстандын экономикасы туруктуу бойдон кала берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков