Алматыда креативдүү индустрияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда

Алматыда креативдүү индустрияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда

Алматыда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Анда иштеп чыгуучулар жана ишкерлер тармакты өстүрүү жана өркүндөтүү үчүн конкреттүү куралдарды биргелешип издешүүдө. Белгилей кетсек, азыр бул сектордо 12 багыт көрсөтүлгөн: кино жана модадан IT жана оюндарды иштеп чыгууга чейин. Форумдун алкагында панелдик сессиялар жана воркшоптор өткөрүлүп, анда катышуучулар санариптик контентти түзүү, PR-стратегиялар жана нейрон тармактарын колдонуу боюнча тажрыйба алмашышат. Санариптик акыл бүгүнкү күндө бардык багыттарга, өзгөчө геймдев, жарнама жана дизайн тармактарына терең кирди. Серепчилердин айтымында, бул жерде жасалма интеллект жардамчы болуп саналат.

Диана Ашимова, кинопродюсер:

– Бул чындыгында жаңы жана абдан натыйжалуу көмөкчү курал. Ал азыркы тапта кино өндүрүшүнүн постпродакшн деңгээлиндеги иштерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Эгер аны сабаттуу пайдалансак, өтө кызыктуу жана керектүү долбоорлорду жаратууга болот.

Ата мекендик жаңы муундун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – New Media факультетинин биринчи курсунун студенти Алиаскар Куттымурат. Анын жолу нейрон тармактарынын жардамы менен жасалган ышкыбоздук видеолордон башталып, дүйнөлүк деңгээлде таанылууга алып келди. Алиаскар командасы менен бирге эл аралык хакатондо 13 өлкөдөн келген ондогон атаандаштарды артка калтырып, жетинчи орунду ээледи. Анын акыркы иши туулуп өскөн жердин кооздугуна арналган.

Алиаскар Куттымурат, студент:

– Мага бул тармак абдан кызык болгондуктан, анда жигердүү өнүгүүгө аракет кылып жатам: түрдүү клиптерди жасап, тасма тартууда өзүмдү сынап көрүүдөмүн. Кандайдыр бир сонун долбоор, тасма жараткым келет жана пландаштырып жатам. Казакстан дүйнөлүк рынокто атаандаша алаарын, бизде да баары өнүгүп жатканын, жасалма интеллект Казакстанда чынында эле жогорку деңгээлде экенин көрсөткүм, далилдегим келет.

Чыгармачылык экономикасы глобалдык трендге айланууда жана Казакстан да четте калбайт. Биздин өлкөдө бул тармак жигердүү өсүштү көрсөтүп, тар багыттан экономиканын өз алдынча секторуна айланууда. Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматы боюнча, чыгармачыл индустриялардын Казакстандын ИДӨдөгү үлүшү 1%ды түзөт, бирок 2029-жылга чейин бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков