Трансчегаралык туристтик зонаны Жетису облусу жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном району түзөт. Аймактарды түзүү боюнча келишим “Хоргос” чек ара кызматташтыгы эл аралык борборунун ишмердүүлүгүн координациялоо механизминин биринчи отурумунда кабыл алынды. Башка пландар тууралуу да сөз болду. Ошентип, «Хоргос – Чыгыш дарбаза» эркин экономика аймагында кытайлык жана германиялык инвесторлордун катышуусунда индустриалдык паркты жана аэропортту куруу мерчемделүүдө. Ошол эле учурда бул жерде азыртан эле өз ара соода жүргүзүү үчүн маанилүү объект — айыл чарба өнүмдөрүнүн карантиндик лабораториясы курулуп жатат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы бирдиктүү стандарттын ишке ашырылышына шарт түзөт. Ал эми анын уруксат сертификаты эки өлкө үчүн жарактуу болот. Объектти келерки жылы ишке киргизүү пландалууда.
Дамир Кадыр, «Хоргос» аткаруу
комапниясынын төрага орун басары:
- Биздин ишкерлер мал жана өсүмдүк азыктарын экспорттоодо
айрым көйгөйлөргө туш болушат. Анткени бал, эт, сүт сыяктуу бул азыктар
сертификацияны талап кылат. Андыктан,
мындай лаборатория түзүү демилгеси чоң көйгөйдү чечип, ишкерлерге Кытайга
товарларды оңой алып кирүүгө шарт түзөт.
Казакстандык тараптын борборго салган инвестициясы өсүп, бир
триллион теңгеден ашык каражатты түздү. Ишке ашырылган долбоорлордун саны көбөйүп
– 40тан ашты. 2 жылдын
ичинде дагы 240 миллиард теңгелик 34 долбоорду ишке ашыруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

