Курык портунун дарамети артты

Курык портунда курулуп бүткөн жаңы дан терминалы ушул айда буудайдын биринчи партиясын жеткирет. Азыр анын иши толук сыноодон өтүп жатат. Анын кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна өнүм сатууга мүмкүнчүлүк берет. Деңиз портунун жетекчилиги долбоордун аркасында дан эгиндерин башка өлкөлөргө экспорттоо көлөмү көбөйөрүн белгилейт. Ага ылайык, бул Казакстандын региондогу негизги транспорттук түйүнү катары позициясын бекемдейт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кытайдан жана Борбордук Азиядан Европага ташылган жүктөрдүн 80% дан ашыгы Казакстан аркылуу жөнөтүлөт. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын бул бөлүгү региондор аралык логистиканы тездетет. Быйыл бул коридор аркылуу бир жарым миллион тоннадан ашык товар ташылды. Жылдын аягына чейин аталган көлөмдү 2 миллион 300 миңге жеткирүү пландалууда. Жалпысынан 2017-жылдан бери портто 10 миллион тоннадан ашык жүк кайра иштетилди.  

Бакыткерей Алибеков, Курык порту башкы мүдүрүнүн орун басары:

– Түндүк жана Түштүк коридорлорго салыштырмалуу учурдагы геосаясий шарттардан улам Орто коридордун мааниси жогорулады. Жылдан жылга транспорттук жүгүртүү да өсүүдө. Ушул 2024-жылга чейин биз 18 миң унааны оңдоп, кабыл алдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков