Казакстанда ата мекендик товарлардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Казакстанда ата мекендик товарлардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Казакстанда ата мекендик товарлардын бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул өз өнүмдөрүн башка өлкөлөргө экспорттогон казакстандык ишканалардын жүгүн азайтат. Мындан тышкары, алардын ар кандай мамлекеттик колдоо чараларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Бул механизмдердин натыйжалуулугу өкмөттө өткөн жыйындын катышуучулары тарабынан талкууланды. Аталган реестрге кирүү үчүн бир катар талаптарды эске алуу керек. Маселен, тиешелүү өндүрүштүк-технологиялык шарттардын, долбоордук документациянын, өндүрүш аянттарынын жана жабдуулардын, квалификациялуу адистердин болушу буга жол ачат. Адистердин айтымында, мындай мамиле ата мекендик товарлардын келип чыгышын аныктоонун эффективдүүлүгүн жогорулатып, өндүрүүчүлөргө түздөн-түз мамлекеттик колдоо көрсөтүп, локализацияны өнүктүрүүгө түрткү берет. Мындан тышкары, өлкөдөгү өндүрүштүк кубаттуулукту жаңыртып, кеңейтип, ар кандай товарларга баа түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздайт. Премьер-министр белгилегендей, жаңы системаны иштеп чыгууну «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы жана тармактык бирикмелер менен тыгыз байланышта улантуу керек. Анын айтымында, реестрди мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен интеграциялап, таза бизнестин кызыкчылыгына иштөөгө багыттоо зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков