Жетису облусунда кайра жаралуучу энергиянын дагы бир объекти ишке кошулду

Жетису облусунда кайра жаралуучу энергиянын дагы бир объекти ишке кошулду

Казакстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча дагы бир объект ишке берилди. Жетису областында ГЭС ишке киргизилди. Бул аймактагы 18-альтернативдик энергетикалык объект. ГЭС Кора дарыясында жайгашкан. Бул долбоор өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча эффективдүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Анын ишке кириши менен облустун экономикасына 10 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды. Жалпысынан жаңы ГЭС облустун электр энергиясына болгон керектөөсүн толук камсыздайт. Бул электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берет.


Ильяс Хамитов, ГЭСтин жетекчиси:


- Станциянын кубаттуулугу 26 МВт. Көп жылдык орточо өндүрүш 95,5 Гигаватт саатты түзөт. Ал 21 жумушчу орун менен камсыздалат. Энергияны жалпы түйүнгө өндүрөбүз. Станцияда нөөмөт менен иштеген, жабдууларды жана ГЭСтин деривациясын көзөмөлдөгөн, мониторинг жүргүзгөн персонал дайыма болот. Эл аралык стандарттарга жооп берет. Жогорку сапаттагы австриялык жабдуулар.


Белгилей кетсек, Жетису облусунда жылдын аягына чейин кубаттуулугу 20 жарым МВттан ашык 2 ГЭСтин курулушу аяктайт деп пландалууда. Кайра жаралуучу энергетиканын бардык долбоорлору жеке инвестициялардын эсебинен ишке ашырылууда.

Которгон: Назира Бегалиева