Акыркы үч жылда экспорттолгон өнүмдөрдүн көлөмү 80%га өстү. Аймактан балык, күрүч көп экспорттолот. Мындан тышкары мунай өнүмдөрү, цемент, кварц куму алынып келинет. Ошондой эле, өткөн жылдын аягынан тарта айнек товарлары экспортко чыга баштады. Айнек заводу өнүмдөрүнүн биринчи партиясы Өзбекстанга, Тажикстанга жана Орусияга экспорттолду.
Пирмухаммед Сыздыков, Кызылорда облусунун ишкерлер палатасынын башчысы:
- Эң кыйыны, эң оору, эң татаалы Франция менен Кытайдын ортосундагы келишим. Алар товарларды абдан кылдаттык менен карашат. Бизде бул балык өнүмү Казалы менен Аралдан Францияга, Кытайга жөнөтүп жатабыз. Бизден бир дагы товар туура эмес деп кайтып келген эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков